Жогорку Кеңеште Кыргызстандагы мугалимдердин жетишсиздиги маселеси көтөрүлдү
Сүрөт ачык булактардан алынды
21 сентябрь

Жогорку Кеңеште Кыргызстандагы мугалимдердин жетишсиздиги маселеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңеште Кыргызстандагы мектептерде педагогикалык кадрлардын жетишсиздиги маселеси көтөрүлдү.

Депутат Уланбек Жаанбаев билим берүү министрине кайрылып, учурда канча мугалим иштеп жатканын жана педагогдорго болгон муктаждык тууралуу маалымат берүүнү өтүндү.

Ошондой эле ал авариялык абалдагы мектептердин ордуна курулуп жаткан мектептер менен бала бакчалардын курулушун аяктоо мөөнөттөрү тууралуу маселени көтөрдү.

Депутат билим берүүнүн сапатына жана окуучулардын даярдык деңгээлине да өзгөчө көңүл бурду.

Анын айтымында, аймактарда жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен окуучулардын саны аз.

Жаанбаев мектептердин курулушуна жана материалдык-техникалык камсыздалышына гана эмес, окуучулардын билим сапатына да көңүл бурууга чакырды.