Нарын ОИИБ
21 сентябрь
Ат-Башы районунда 38 жаштагы тургун үйүнөн чыккан боюнча дайынсыз болууда
Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында 1988-жылы туулган Талант Осмонов дайынсыз болууда.
Нарын облустук милициясына жоголгон жарандын атасы кайрылып, баласын табууда жардам сураган. Ал уулу 18-сентябрда болжол менен саат 01:00дө үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келбегенин билдирген.
Кийген кийими: ак түстөгү жемпир, сарала камуфляж шым, башында кара түстөгү кепка, бутунда күрөң түстөгү бут кийим.
Өзгөчө белгилери: психикалык оорусу менен ооруйт. Бою болжол менен 150–160 см.
Нарын милициясы аталган жаранды көргөн же анын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандардан төмөнкү байланыш номерлерине кабарлап коюу өтүнөт;
- +996 (700) 10-60-44
- +996 (999) 10-60-70
- +996 (3534) 2-32-83
