Кытайда чет элдиктер эми жашаган жерине онлайн каттала алышат
21-сентябрдан тарта Кытайда мейманканада же мейманканада эмес башка жайларда жашаган чет элдик жарандар өлкөнүн бардык аймагында жашаган жери боюнча онлайн каттоодон өтө алышат.
Буга чейин мындай кызмат айрым ири шаарларда гана жеткиликтүү болгон. Эми онлайн каттоо мүмкүнчүлүгү Кытайдын бардык аймактарына жайылтылды.
Керектүү маалыматтарды миграциялык ведомствонун сайты, ошондой эле WeChat жана Alipay тиркемелериндеги «Иммиграция 12367» тиркемеси жана мини-программалары аркылуу тапшырууга болот.
Ошол эле учурда полиция бөлүмүнө барып жеке каттоодон өтүү мүмкүнчүлүгү сакталат. Онлайн каттоонун юридикалык күчү жеке каттоого тең.
Кытайдын мыйзамдарына ылайык, мейманкана же мейманканага кирбеген батирде, үйдө же башка турак жайда токтогон чет элдиктер көчүп киргенден кийин 24 сааттын ичинде жергиликтүү полиция бөлүмүнө каттоого турушу керек. Каттоону чет элдик жарандын өзү же аны кабыл алган тарап жүргүзө алат.
Ал эми мейманканага же отелге жайгашкан чет элдик жарандардын каттоосун мекеменин кызматкерлери жүргүзөт.
