«Түндүк» тиркемесинде Жол эрежесин бузгандыгы үчүн айыптарды онлайн даттанууга мүмкүнчүлүк пайда болду
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде жаңы мүмкүнчүлүк пайда болду — фото- жана видеофиксация камералары тарабынан аныкталган жол эрежесин бузгандыгы үчүн айыптарды талашуу боюнча кайрылуу жөнөтүү.
Эми колдонуучулар айыптар тууралуу маалыматты көрүп, төлөп гана тим болбостон, ыйгарым укуктуу органга жеке баруусуз эле онлайн даттануу боюнча расмий кайрылуу жөнөтө алышат.
Жаңы мүмкүнчүлүк «Түндүк» ААКсы, «Кызмат» ММ жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы тарабынан биргеликте иштелип чыккан. Ал жарандардын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүн санариптик форматта ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылууга багытталган.
