Кыргызстандын Транспорт министрлигинде төртүнчү орун басар пайда болот
Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде министрдин төртүнчү орун басарынын кызмат орду киргизилет.
Тиешелүү №329 тескемеге президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 17-сентябрында кол койгон.
Министрлер кабинетине белгиленген тартипте министрдин кошумча орун басарынын кызмат ордун киргизүү тапшырылды. Ошол эле учурда министрликтин жалпы штаттык саны көбөйтүлбөйт. Жаңы кызмат орду учурдагы штаттык бирдиктердин чегинде түзүлөт.
Учурда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жетекчилигинде биринчи орун басар жана эки орун басар бар.
Тескемеде мындай чечим министрликтин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынганы белгиленген.
Тескемени ишке ашырууга байланыштуу чыгымдар тиешелүү жана кийинки жылдарга республикалык бюджеттен министрликке каралган каражаттардын эсебинен каржыланат.
