Комитет 2025-жылга карата республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту укту
Жогорку Кеңеш
21 сентябрь

Комитет 2025-жылга карата республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту укту

Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын 2025-жылга карата республикалык бюджетинин аткарылышы жѳнүндѳ отчету угулду.

Отчетту Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары - Финансы министрлигинин Борбордук казынасынын директору Үмүтжан Аманбаев тааныштырды.

Талкуу маалында депутат Гүлай Машрапова каржы маселелерине, анын ичинен Агартуу министрлигиндеги мамлекеттик сатып алууларга жана каржылык тартипти бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке көңүл бурду. Эл өкүлү өлкөдөгү мектептерде биология жана химия боюнча лабораториялык кабинеттердин санына жана абалына кызыгып, бул багытта бүгүнкү күнгө чейин системалуу иштер жүргүзүлбөй келгенин белгиледи. Муну менен катар депутат Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин бюджеттик каржылоосу көбөйгөн шартта анын ишмердүүлүгүнө байланышкан бир катар маселелерди көтөрдү.

Ал эми депутат Тотобүбү Ашымбаева Агартуу министрине кайрылып, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан жүргүзүлгөн аудитинин жыйынтыгын жүйө келтирип, Азия өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында Кыргыз билим берүү академиясын жана 23 мектепти оңдоого каралган каражаттардын өздөштүрүлбөй калгандыгы тууралуу маселени көтөрдү. Ошондой эле республикадагы мектептерди ноутбуктар, оргтехника жана окуу китептери менен камсыздоо маселелерине токтолду.

Депутат Салтанат Аманова бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды өздөштүрбөй калган министрликтердин жана ведомстволордун ишине байланыштуу маселелер тууралуу сөз кылып, республикалык бюджеттин «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча социалдык объектилерди курууга өзгөчө көңүл бурду. Ошону менен бирге эл өкүлү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана селден коргоо боюнча иш-чараларды каржылоо, билим берүү жана маданият объектилеринин абалын жакшыртуу керектигин билдирди.

Андан тышкары, депутат Нуржамал Торобекова 2025-жылга карата бажы жана салык төлөмдөрүн чогултуу боюнча пландуу көрсөткүчтөрдүн аткарылышына, ошондой эле республикалык бюджеттин алкагында социалдык объектилерди курууга байланыштуу маселелерге токтолсо, эл өкүлү Гүлжан Сатиева эл аралык мелдештерде байгелүү орундарга ээ болгон спортчуларды сыйлоо жана аларга сыйлык акыларын төлөө тартибине, ошондой эле белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышына байланышкан маселелер тууралуу кеп кылды.

Өз кезегинде депутат Уланбек Жаанбаев Агартуу министрине кайрылып, республикадагы мугалимдердин саны жана педагогикалык кадрлардын жетишсиздиги, ошондой эле социалдык объектилерди, анын ичинен авариялык абалдагы имараттардын ордуна курулуп жаткан бала бакчалар менен мектептерди курууну аяктоо мөөнөттөрү тууралуу суроолорду узатты. Муну менен катар билим берүүнүн сапатына, окуучулардын даярдык деңгээлине жана жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарына токтолуп, аймактарда жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен окуучулардын саны аз экенин айтты.

Ошону менен бирге эл өкүлү Исманали Жороев Баткен облусунун бир катар айыл аймактарында бала бакчаларды, мектептерди жана социалдык объектилерди куруу маселесин көтөрсө, депутат Жаныбек Аматов Баткен облусун өнүктүрүү фондуна бөлүнгөн каражаттар боюнча маселеге көңүл буруп, фондго кайсы жылдары жана кандай көлөмдө каржылоо бөлүнгөнүнө, каражаттар кайсы долбоорлорду жана иш-чараларды ишке ашырууга багытталганына, ошондой эле акыркы жылдарда кандай конкреттүү натыйжаларга жетишкенине кызыкты.

Комитет төрагасы Ырысбек Атажанов Ирелеш айылында Б.Примов атындагы мектепти куруу жана Киров айылындагы мектептин спорт залын оңдоо зарылдыгын белгилеп, ошондой эле Баткен облусунун Кадамжай районундагы Орозбеков айылында Абдыкадыр Орозбековдун үй-музейин куруу тарыхый жана маданий мурастарды сактоо үчүн чоң мааниге ээ экенин кошумчалады.