Бишкекте кыргыз-мозамбик биринчи саясий консультациялары өттү
2026-жылдын 21-сентябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы менен Мозамбик Республикасынын эки тараптуу мамилелеринин тарыхында биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Мозамбик Республикасынын Тышкы иштер жана кызматташтык министрлигинин ортосунда саясий консультациялар болуп өттү.
Кыргызстандык делегацияны Тышкы иштер министрлигинин Төртүнчү саясий департаментинин директору Мирбек Карыбаев, ал эми Мозамбик тараптын делегациясын Азия жана Океания департаментинин директорунун орун басары Фаруке Омар Факира жетектеди.
Консультациялардын жүрүшүндө тараптар кыргыз-мозамбик мамилелеринин учурдагы абалын жана өнүктүрүү келечегин талкуулап, эл аралык жана регионалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты.
Өзгөчө соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, санариптештирүү жана туризм, тоо-кен өнөр жайы, ошондой эле климаттын өзгөрүшү жана тоолуу аймактардын күн тартиби жаатында тажрыйба алмашууга көңүл бурулду.
Мындан тышкары, тараптар алдыда боло турган эки тараптуу расмий сапарларга даярдык көрүү маселелерин талкуулашты.
Консультациялардын жыйынтыгында тараптар саясий диалогду мындан ары бекемдөөгө, практикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана саясий консультацияларды үзгүлтүксүз негизде өткөрүүгө өз ара кызыкдар экендигин ырасташты.
