Ош шаарына бразилиялык инвестицияларды тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселеси талкууланды
Ош мэриясы
21 сентябрь

Ош шаарына бразилиялык инвестицияларды тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселеси талкууланды

Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова бүгүн, 21-сентябрда Бразилия Федеративдүү Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Марсел Фортуна Биато менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Жолугушууда соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, инвестиция тартуу, айыл чарба, билим берүү, энергетика жана заманбап технологиялар боюнча кызматташуу маселелери талкууланды.

Айыл чарба тармагында заманбап технологияларды киргизүү, тажрыйба алмашуу жана айыл чарба техникаларын жергиликтүү өндүрүшкө киргизүү мүмкүнчүлүктөрү каралды. Ошондой эле бразилиялык ишкерлердин октябрь айында Астана шаарында өтө турган агрардык көргөзмөгө катышары жана Кыргызстанда өндүрүштү жолго коюуга кызыкчылыгы белгиленди.

Билим берүү багытында студенттердин эл аралык долбоорлорго катышуусун кеңейтүү жана Enactus кыймылынын алкагында кызматташуу маселеси көтөрүлдү.

Энергетика тармагында Бразилиянын гидроэнергетика жаатындагы тажрыйбасын бөлүшүү, суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана ирригация багытында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү дагы талкууланды. Мындан тышкары Ош шаарына бразилиялык инвестицияларды тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикирлер айтылды.

Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча кызматташтыкты улантуу боюнча макулдашышты.