ММКФнын 2027-жылдагы бюджети дээрлик 20% өсүп, 12,9 млрд сомду түзөт
Кыргызстандын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) 2027-жылга карата бюджетин киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча 12 млрд 863,3 млн сом көлөмүндө бекитүү сунушталууда.
2026-жылга бекитилген бюджетке салыштырмалуу кирешелер 2 млрд 125,7 млн сомго же 19,8%га көбөйөт.
2028-жылы ММКФнын кирешелери жана чыгашалары 13 млрд 572,1 млн сом, 2029-жылы 14 млрд 246,2 млн сом болот деп болжолдонууда.
2027-жылы каржылоонун негизги булагы Социалдык фонддон түшүүчү камсыздандыруу төгүмдөрү болот. Ага 8 млрд 399,3 млн сом же жалпы кирешенин 65,3%ы туура келет.
Мындан тышкары, калктын социалдык жактан аялуу катмарларын камсыздандырууга республикалык бюджеттен 2 млрд 57,9 млн сом каралган.
Бюджеттин долбоору өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдоолорун жана Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча чыгымдарды эске алуу менен иштелип чыккан.
