Адылбек Касымалиев мектептерди окуу китептери менен камсыздоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү
21 сентябрь

Адылбек Касымалиев мектептерди окуу китептери менен камсыздоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев өлкөнүн жалпы билим берүү уюмдарын окуу-методикалык комплекстер (окуу китептери, жумушчу дептерлер жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор) менен камсыздоо маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде 12 жылдык мектеп билим берүүсүнө өтүү алкагында окуу адабияттарын басып чыгаруу жана жеткирүү маселелери каралды.

Кыргыз Республикасында 12 жылдык мектеп билим берүүсүнө өтүү Концепциясына ылайык, ар бир окуу жылы үчүн артыкчылыктуу класстарга окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди этап-этабы менен басып чыгаруу планы иштелип чыкканы белгиленди.

2025-жылы окуу адабиятын басып чыгарууга 855 млн сом өздөштүрүлгөн. Республиканын жалпы билим берүү уюмдарына жалпы нускасы 4 млн 735 миң 870 даананы түзгөн окуу-методикалык комплекстер басылып чыгарылып, жеткирилген.

2026-жылы республикалык бюджеттен окуу материалдарын басып чыгарууга 744 млн сом каралган. Кошумча Агартуу министрлиги 2026-жылга каралган каражаттарды кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен 16,2 млн сом бөлгөн. Бул каражатка 3 млн 668 миң 606 даана окуу материалдарын чыгаруу пландалган. Окуу жайларга 2 млн 455 миң 868 даанасы жеткирилди. Бүгүнкү күнгө карата 1 млндон ашуун даанасы жеткирүү баскычында турат.

Министрлер Кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев окуучуларды окуу китептери менен камсыздоо маселеси артыкчылыктуу экенин баса белгилеп, өлкө базарларында окуу куралдарынын эркин сатылып жатканы аныкталган жагдай боюнча укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү текшерүү жүргүзүлүп жатканын, анын жыйынтыгы боюнча катаал чаралар көрүлөрүн кошумчалады.

Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен окуучуларды окуу китептери менен камсыздоо үчүн зарыл болгон финансылык каражаттар бөлүнөрүн белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

Агартуу министрлигине окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгууну, даярдоону жана чыгарууну тездетүү боюнча зарыл кадрдык, илимий жана эксперттик ресурстарды тартуу менен түп-тамырынан бери уюштуруучулук жана практикалык чараларды көрүү, тиешелүү иштерге туруктуу координациялоону жана көзөмөлдү жүргүзүү, жалпы билим берүү уюмдарынын камсыздалышына ай сайын мониторинг жүргүзүү тапшырылды.