«Бүркүттү урбаш керек, анын каргышы катуу болот» – мүнүшкөр Элдияр Болотбеков
22 сентябрь

«Бүркүттү урбаш керек, анын каргышы катуу болот» – мүнүшкөр Элдияр Болотбеков

Тоң районунун Бөкөнбаев айылы мүнүшкөрлөрү менен да белгилүү. Айылда ата-бабадан калган өнөрдү улап, бүркүт таптап жүргөндөр арбын. Алардын бири – Элдияр Болотбеков. Ал бүркүттүн балапанын аскадагы уясынан алып, адамга көндүрүп, аңчылыкка таптайт. Мүнүшкөрдүн айтымында, бүркүттү үйрөтүүдө эң негизгиси – күч колдонуу эмес, анын мүнөзүн түшүнүү. Балапан кезинен багып жүрүп, бара-бара анын эмнени каалап жатканын кыймылынан эле сезип каласың.

Элдияр Болотбеков менен бүркүттүн балапанын аскадан алуу, аны таптоо, багуу, ургаачы бүркүттүн өзгөчөлүгү жана ата-бабадан калган мүнүшкөрлүк өнөр тууралуу маектештик.

– Элдияр, бүркүттүн балапанын аскадагы уясынан алуу оңой эмес чыгар. Кантип аласыздар?

– Бүркүттүн балапанын көбүнчө эки айлык кезинде алабыз. Жалгыз адам барып ала албайт. 4–5 киши болуп барабыз. Бири ата-энесин алаксытып турат, калгандары уяга жетет. Аскадан түшүп-чыгуу оңой эмес, кооптуу жерлери да болот. Балапан колго тийгенден кийин негизги жумуш башталат. Аны адамга көндүрүп, таптайбыз. Болжол менен үч айдай убакыт кетет.

– Үч ай ичинде бүркүттү эмнеге үйрөтөсүздөр?

– Адамга көндүрөбүз, айтканды аткарганга үйрөтөбүз. Бүркүттүн эс тутуму абдан күчтүү болот. Бир жасаткан нерсеңди бат эле жаттап калат. Ошондуктан мүнүшкөр өзү да ар бир аракетине этият болушу керек.

– Бүркүттүн эмнени каалап жатканын кайдан билесиз?

– Аны көп жылдан бери карап жүрүп үйрөнөсүң. Балапан кезинен өзүң баккан соң, бара-бара мүнөзүн түшүнө баштайсың. Кыймылынан эле маанайын байкайсың. Эмнеге кызыгып жатат, качан тынч отургусу келет, качан учкусу келет – ушунун баарын акырындап сезип каласың.

Муну китептен окуп үйрөнө албайсың. Күн сайын карап, жанында жүрүп үйрөнөсүң.

– Бүркүттү багуу коркунучтуу эмеспи?

– Туура мамиле кылсаң, анчалык деле коркунучтуу эмес. Бүркүттүн мүнөзүн билиш керек. Аны ачуулантып же кыйнап коюуга болбойт. Илгери ата-бабаларыбыз бүркүт менен аң уулап, үй-бүлөсүн баккан. Бүркүттөн түшкөн олжо менен жан баккан адамдар болгон. Ошондуктан мүнүшкөрлүк жөн гана куш багуу эмес, атадан балага өтүп келе жаткан өнөр.

– Эмне үчүн көбүнчө ургаачы бүркүттү тандайсыздар?

– Ургаачысы күчтүү болот. Чоң жаныбарларга аңчылык кыла алат. Эркеги андан кичирээк болгондуктан, чоң жаныбарлардан коркуп коюшу мүмкүн. Бүркүттөр көбүнчө эки жумуртка басат. Көп учурда бири ургаачы, бири эркек болот. Кээде экөө тең ургаачы же экөө тең эркек болуп калган учурлар да кездешет. Түгөйүн да ургаачысы тандайт.

– Бүркүттөрдү эмне менен багасыздар?

– Азыр көгүчкөндүн этин берип жатабыз. Кээде этти сатып келип беребиз. Бир бүркүт күнүнө орто эсеп менен 700 граммдай эт жейт. Бирок ашыкча тамак бербейбиз. Бүркүт формасын сактап, тың болушу керек. Өтө семиртип жиберсең, анын абалына жана жүрүм-турумуна таасир этиши мүмкүн.

– Бүркүт адамга кол салышы мүмкүнбү?

– Эгер туура мамиле кылсаң, андай болбойт. Бирок аны ачуулантып, кыйнап же туура эмес мамиле кылганга болбойт. Ошондуктан бүркүттү урбайбыз, какпайбыз. Аяр мамиле кылабыз.

– Эл арасында «бүркүттүн каргышына калба» деген сөз бар. Сиз бул сөздү кандай түшүнөсүз?

– Бүркүттү урбаш керек, анын каргышы катуу болот деп айтылып келет. Каккылап, уруп, кыйнап койгон туура эмес. Менимче, бул сөздүн артында чоң тарбия жатат. Жандууну жөн жерден кыйнаба деген түшүнүк. Бүркүт да жаратылыштын бир бөлүгү. Ошондуктан аны сыйлап, аяр мамиле кылыш керек.

– Бүркүттү канча жыл кармайсыздар?

– Өзүбүз 20 жылдай кармап, анан эркиндикке чыгарабыз. Кое бергенден кийин кайра келбейт. Анткени анын өзүнүн жаратылыштагы жашоосу бар. Бүркүттөрдүн өмүрү узун болот. 50–60 жылга чейин жашайт деген маалымат бар. Жапайы жаратылышта эки жашында түгөйүн табат.

– Жыйырма жыл бою багып, анан коё берүү оңой эмес болсо керек?

– Оңой эмес. Анткени балапан кезинен бери өзүңдүн колуңда болот. Тамагын бересиң, карайсың, таптайсың. Көп жыл бирге жүрөсүң. Бирок эркиндикке чыгарыш керек. Бүркүттүн жери – тоо, талаа, асман. Аны өмүр бою кармап отуруу туура эмес.

– Бөкөнбаев айылында мүнүшкөрлөр көп экен. Бул өнөр азыркы жаштарга да өтүп жатабы?

– Ооба. Кыргызстанда 70тей мүнүшкөр болсо, алардын 30га жакыны биздин айылда. Бүркүт багуу бул жерде жакшы сакталган. Жаштардын арасында да кызыккандар бар. Бул өнөр жоголбой, кийинки муунга өтүп жатканы жакшы.

– Чет өлкөлөрдө да мүнүшкөрлүк өнөрү барбы?

– Бар. Казакстанда, Италияда, Испанияда да бүркүт баккан мүнүшкөрлөр бар. Иш-чараларда жолугуп калганда бири-бирибиздин өнөрүбүздү көрүп, тажрыйба бөлүшөбүз. Туристтер да бүркүттөргө абдан кызыгат. Бүркүт менен сүрөткө түшүп, анын учканын көргүсү келгендер көп. Кээде аларга атайын көрсөтмөлөрдү уюштуруп беребиз.

– Бүркүттүн көзүн жаап коюшат. Эмне үчүн?

– Тынч отурушу үчүн көзүн жаап коёбуз. Көзү ачык болсо, айланадагы нерселердин баарына көңүл буруп, тынчы кетиши мүмкүн. Көзүн жапканда тынч отурат.

– Бүркүттүн жашын сырткы көрүнүшүнөн билүүгө болобу?

– Куйругунан билсе болот. Жаш бүркүттөрдүн куйругунда ак түстөр болот. Жыл өткөн сайын куйругу карарып калат. Бүркүт канатын жайганда эки метрге чейин жетет.

– Бир мүнүшкөр канча бүркүт бакканга укуктуу?

– Бир мүнүшкөргө үч бүркүт багууга уруксат берилет. Мүнүшкөрлүктү сактап калуу үчүн мамлекет тарабынан көңүл бурулуп, Салбуруун федерациясы да түзүлгөн.

– Сиз үчүн мүнүшкөрлүк эмнени билдирет?

– Бул мен үчүн ата-бабадан калган мурас. Бүркүт багуу менен биз жөн гана куш кармап жаткан жокпуз. Өзүбүздүн салтыбызды сактап жатабыз. Бүркүт менен жүргөндө жаратылышты да башкача көрөсүң. Аны түшүнгөн сайын өзүң да көп нерсени үйрөнөсүң.

Эң негизгиси – бүркүттү сүйүп, ага аяр мамиле кылуу. Бүркүттү колго алган адам анын эркин куш экенин эч качан унутпашы керек.