23 ноябрь

ТМУга мүчө өлкөлөр чек арадагы жүктөрдү кайталап текшерүүнү жоюуну көздөшүүдө

Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөр чек арадан өтүүдө кайталанган жол-жоболорду жоюу жана маалыматтарды бир жолу берүү принцибине өтүү маселесин талкуулашууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги Стамбул шаарында өткөн ТМУнун Сооданы жеңилдетүү боюнча комитетинин жылдык жыйынынын жыйынтыгы боюнча билдирди.

19-20-ноябрда өткөн жыйынга Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин, ошондой эле Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрү катышты.

Жыйында чек арадагы кайталанган жол-жоболорду жоюу боюнча жол картасынын долбоору негизги маселелердин бири болду. Ага ылайык, товарлар жана жүктөр тууралуу маалымат бир жолу берилип, андан кийин бардык тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан колдонулушу каралууда.

Мындан тышкары, тобокелдикке негизделген көзөмөлдү өркүндөтүү пландалууда. Бул тобокелдиги төмөн жүктөрдү тезирээк тариздөөгө, ал эми шектүү ташууларды тыкыр текшерүүгө шарт түзөт.

Ошондой эле жүктөр тууралуу алдын ала маалымат алмашуу, товарлар менен транспорт каражаттарын санариптик көзөмөлдөө жана Транскаспий эл аралык транспорттук багыты боюнча бажы органдарынын кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Келечекте ТМУ өлкөлөрү санариптик транспорттук документтерди колдонуу менен жүктөрдү пилоттук ташууларды жүргүзүүнү пландаштырууда.

Мындан сырткары, өз ара сооданы талдоо үчүн күзгү статистиканы колдонуу маселеси каралды. Бул ыкма бир өлкөнүн экспорттук маалыматтарын экинчи өлкөнүн импорттук көрсөткүчтөрү менен салыштырып, алардын ортосундагы айырмачылыктарды аныктоого мүмкүндүк берет.

Жыйындын соңунда Комитеттин келерки жылга карата ишинин артыкчылыктуу багыттары жана сунуштамалары бекитилди.

Белгилей кетсек, Сооданы жеңилдетүү боюнча комитет 2022-жылы Самарканд шаарында өткөн ТМУнун саммитинде кабыл алынган сооданы жеңилдетүү стратегиясынын алкагында түзүлгөн. Анын негизги максаты — соода чыгымдарын азайтуу жана мүчө мамлекеттердин ортосунда товарлардын өтүүсүн тездетүү.