Кыргызстандыктар «Түндүк» аркылуу жөлөкпулдарды жана мамлекеттик төлөмдөрдү көзөмөлдөй алышат
Сүрөт ачык булактардан алынды
23 ноябрь

Кыргызстандыктар «Түндүк» аркылуу жөлөкпулдарды жана мамлекеттик төлөмдөрдү көзөмөлдөй алышат

Кыргызстандыктар «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу мамлекеттик жөлөкпулдарга жана төлөмдөргө арыз берип, алардын каралуу абалын жана акчанын которулушун көзөмөлдөй алышат.

Тиешелүү токтом долбоору Министрлер кабинетинин коомдук талкуусуна коюлду.

Документте мамлекет менен жарандардын ортосундагы эсептешүүлөрдүн бирдиктүү системасын түзүү каралган. Ал мамлекеттик колдоонун ар кандай түрлөрүн дайындоо жана төлөө процессин бирдиктүү системага бириктирет.

Ага бала төрөлгөндө берилүүчү бир жолку «Балага сүйүнчү», ай сайын төлөнүүчү «Бала ырысы», «Бала Береке» жана башка мамлекеттик төлөмдөрдү киргизүү пландалууда.

Жарандар «Түндүк» аркылуу арыз берип, анын статусун текшерип, акча алуу үчүн системага кошулган банктардын бирин өз алдынча тандай алышат.

Мамлекеттик маалыматтык системаларда буга чейин бар болгон документтерди жана маалыматтарды кайрадан тапшыруунун зарылдыгы болбойт.

Мындан тышкары, мыйзамда каралган учурларда жөлөкпулдар арыз бербестен эле автоматтык түрдө дайындалышы мүмкүн.

Жарандар үчүн системаны колдонуу акысыз болот.

Долбоорго ылайык, системанын ээси катары Финансы министрлигин, санариптик өз ара аракеттенүү оператору катары «Кызмат» мамлекеттик мекемесин, ал эми финансылык-техникалык оператор жана негизги эсептешүү банкы катары «Элдик банкты» аныктоо сунушталууда.

Ошол эле учурда жарандар тейлөөчү банкты өз алдынча тандай алышат.

Иштеп чыгуучулардын маалыматына караганда, жаңы системанын түзүлүшү учурдагы жөлөкпулдардын өлчөмүнө, шарттарына, төлөнүү мезгилдүүлүгүнө жана мөөнөттөрүнө таасирин тийгизбейт. Төлөмдөрдү дайындоо боюнча чечимдерди мурдагыдай эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар кабыл алат.

Ведомстволорду жана төлөмдөрдүн түрлөрүн системага кошуу этап-этабы менен жүргүзүлөт.