Кыргызстандык спортчулар Таиланддагы эл аралык турнирде 15 медаль жеңишти
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
23 ноябрь

Кыргызстандык спортчулар Таиланддагы эл аралык турнирде 15 медаль жеңишти

18-22-ноябрь күндөрү Таиланддын Сирача шаарында күрөштүн түрлөрү боюнча (эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү) “Thailand Open” эл аралык турнири өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Турнирге 14 өлкөдөн 300дөн ашуун катышуучу күч сынашып, Кыргызстандык спортчулар жалпы 15 медаль ( 9 алтын, 5 күмүш жана 1 коло медаль) жеңип алышты.

Кыз-келиндер арасындагы мелдеште өлкө намысын коргогон спортсмендер 5 алтын жана 2 күмүш медалга ээ болушту.

Алтын медаль ээлери:

  • Айдеми Асангазиева (53 кг чейин)
  • Асема Торогелдиева (55 кг чейин)
  • Акылай Чыныбаева (65 кг чейин)
  • Асел Жапарова (72 кг чейин)
  • Аяна Асмаликова (68 кг чейин)

Күмүш медаль ээлери:

  • Альбина Самылбекова (62 кг чейин)
  • Аяна Асмаликова (76 кг чейин)

Ал эми сурдоспорт боюнча U-20 жаш курактык категориясындагы спортсмендер 4 алтын, 3 күмүш жана 1 коло медаль жеңишти.

Алтын медаль ээлери:

  • Тариэль Садырбеков (60 кг чейин)
  • Абдырасул Исмаилов (63 кг чейин)
  • Динмухамед Бигельдиев (67 кг чейин)
  • Жанбулат Кусейинов (82 кг чейин)

Күмүш медаль ээлери:

  • Артур Акопян (77 кг чейин)
  • Бексултан Сабиралиев (82 кг чейин)
  • Смадияр Жумакадыров (63 кг чейин)

Коло медаль ээси:

  • Арлен Уланов (60 кг чейин)