Кыргызстандын 134 миңден ашуун жараны Россияга кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесинде турат
Сүрөт: Михаил Терещенко/ ТАСС
23 ноябрь

Кыргызстандын 134 миңден ашуун жараны Россияга кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесинде турат

Кыргызстандын 134 миңден ашуун жараны Россияга кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесине киргизилген. Бул тууралуу Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин бөлүм башчысы Эркинбек Каримов «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Россиянын миграциялык мыйзамдарынын катаалдашына байланыштуу кыргызстандыктар өлкөдө жүрүү мөөнөтүнө, каттоого жана белгиленген эрежелердин сакталышына өзгөчө көңүл бурушу керек.

Каримов чет өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктардын саны боюнча да маалымат берди. Анын маалыматына ылайык, өлкө сыртында жалпысынан 837 миң 812 кыргызстандык бар. Алардын ичинен 584 миң 484ү октябрь айынын башына карата Россияда каттоодо турган.

Ал бул көрсөткүчтөр сезондук миграцияга жана жарандардын жер которуусуна жараша өзгөрүп турарын белгиледи.

Министрликтин өкүлү Россия тарап миграциялык талаптардын аткарылышына көзөмөлдү күчөтүп жатканын кошумчалады. Атап айтканда, чет өлкөлүк жарандарды административдик жол менен өлкөдөн чыгарууга негиз болгон мыйзам бузуулардын тизмеси кеңейтилүүдө.

Мындай чараларга коомдук тартипти бузуу, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана Россиянын мыйзамдарында каралган башка укук бузуулар себеп болушу мүмкүн.

Ошондой эле Каримов кыргызстандыктар түшүндүрмө алуу үчүн Эмгек министрлигине жана анын Россиядагы өкүлчүлүгүнө кайрыла аларын айтты.

Мындан тышкары, министрлик социалдык тармактар жана WhatsApp, Telegram мессенжерлериндеги мекендештердин топтору аркылуу маалыматтык иштерди жүргүзүүдө.