Бишкек шаарында «Тамеки тартуу» аталышындагы профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү
Милиция кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын тамеки тартуу боюнча мыйзам талаптарынын бузулушун аныктоого жана алдын алууга багытталган «Тамеки тартуу» аталышындагы профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында «Саксаул», «Пинта», «Ориентал», «Ночной Баку», «40 на 40» жана «Империя пиццы» кафелеринде жана ресторандарында белгиленген талаптардын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 82-беренесине ылайык 20дан ашык протокол түзүлдү. Салынган айып пулдардын жалпы суммасы 110 миң сомдон ашты. Аныкталган укук бузуунун мүнөзүнө жараша айып пулдун өлчөмү 5 500 сомдон 10 000 сомго чейин түздү. Иш-чаранын жүрүшүндө электрондук тамекилерди колдонуу фактыларына да өзгөчө көңүл бурулду.
Мыйзам талаптарын сактоого жана тамеки ошондой эле электрондук тамекилерди тартууга тыюу салынган жерлерде аларды колдонуудан баш тартууга чакырабыз.
Бул багыттагы профилактикалык иш-чаралар мындан ары да улантылат.
