президенттин администрациясы
22 сентябрь

Садыр Жапаров америкалык бизнести жаңы долбоорлорго чакырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 21-сентябрда Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарынын алкагында АКШнын ишкер чөйрөлөрүнүн жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу StoneX Group корпорациясынын кеңсесинде өтүп, анда Кыргызстандын экономикасынын учурдагы абалы, инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана америкалык бизнес менен ишкердик байланыштарды кеңейтүүнүн келечеги боюнча түз диалог үчүн аянтча түзүлдү.

Жолугушуунун башында StoneX Group компаниясынын аткаруучу директору Филип Смит саламдашуу сөзүн сүйлөдү. Ошондой эле өз пикирлерин жана сунуштарын Нью-Йорктун ишкер чөйрөлөрүнүн башка өкүлдөрү да билдиришти.

Сөз сүйлөгөндөр Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүндөгү оң динамиканы, жүргүзүлүп жаткан реформаларды жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан аракеттерди белгилешти. Алар эл аралык бизнестин Кыргызстанга жана Борбордук Азияга болгон кызыгуусу өсүп жатканын баса белгилеп, ишкердик байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү ошондой эле Президент Садыр Жапаров тарабынан экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу, инвестициялар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана Кыргызстанды эл аралык рыноктордо илгерилетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге жогору баа беришти.

Өз сөзүндө Президент Садыр Жапаров мыйзамдуулукту чыңдоо, уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердигине бөгөт коюу жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга кеңири токтолду.

Мамлекет башчысы өткөн он жылдыктарда уюшкан кылмыштуулуктун таасири бизнес үчүн олуттуу тобокелдиктерди жаратып, экономиканын толук кандуу өнүгүшүнө тоскоол болгонун айтты. Ал 2020-жылдан тартып Кыргызстанда кылмыштуу түзүмдөрдүн таасирин жоюу жана мыйзамдуулукту чыңдоо боюнча ырааттуу чаралар көрүлүп жатканын, бул өз кезегинде менчикти, ишкердикти жана инвестицияларды коргоо үчүн кыйла жагымдуу шарттарды түзгөнүн баса белгиледи.

Президент коррупцияга каршы күрөшүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон калганына токтолду. Ал бизнес жүргүзүүнүн ачык-айкын жана бирдей эрежелерин калыптандыруу мындан аркы экономикалык өсүш үчүн маанилүү негиз болуп саналарын айтып, өлкөдө жаңы долбоорлорду ишке ашырууга америкалык инвестицияларды мындан ары тартууга Кыргызстан кызыкдар экенин билдирди.

Мамлекет башчысы кызматташтыктын келечектүү багыттары катары тоо-кен өнөр жайын, текстиль өндүрүшүн, курулушту жана экономиканын башка тармактарын атады.

Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаровго Америка-Кыргыз бизнес кеңешинин, StoneX Group корпорациясынын жана АКШнын ишкер коомчулугунун өкүлдөрүнүн атынан Кыргызстандын экономикалык өнүгүүдөгү олуттуу жетишкендиктерин жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн жана гүлдөп-өсүшүн камсыз кылууга багытталган жүргүзүлүп жаткан өзгөртүүлөрдү таануунун белгиси катары эстелик белги тапшырылды.