Кыргызстанда 2027-жылы ооруканаларды жабдууга 237 млн сом бөлүү сунушталууда
сүрөт: depositphotos.com
22 сентябрь

Кыргызстанда 2027-жылы ооруканаларды жабдууга 237 млн сом бөлүү сунушталууда

2027-жылы Кыргызстандын саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга 237 млн сом бөлүү сунушталууда.

Мындай сумма Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2027-жылга жана 2028–2029-жылдарга карата бюджеттери жөнүндө мыйзам долбоорунда каралган. Документ Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген.

Белгилей кетсек, азырынча сөз бюджеттин долбоордук параметрлери жөнүндө болуп жатат. Алар парламентте каралып, бекитилиши керек.

Салыштыруу үчүн, ФОМСтун 2026-жылга бекитилген бюджетинде саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга 195 млн сом каралган. Долбоор бекитилген учурда, 2027-жылы бул багыттагы каржылоо 42 млн сомго же болжол менен 21,5%га көбөйөт.

2028-жылы бул максатка 250 млн сом, 2029-жылы 263 млн сом бөлүү сунушталууда.

Каражаттар милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасынын финансылык туруктуулугун камсыздоо, саламаттык сактоо уюмдарын колдоо, өнүктүрүү жана шыктандыруу программасынын алкагында каралган.

Жалпысынан ФОМСтун 2027-жылга карата бюджетинин долбоорунда бул программага 936,9 млн сом каралган. Анын ичинен 699,9 млн сом камсыздандыруу резервин түзүүгө, дагы 237 млн сом медициналык уюмдарды колдоого, өнүктүрүүгө жана материалдык-техникалык жактан жабдууга багытталат.