Азия оюндары-2026: Ырыскелди Дүйшеев коло медалдын ээси
22 сентябрь

Азия оюндары-2026: Ырыскелди Дүйшеев коло медалдын ээси

Жапония өлкөсүндө өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында ММА боюнча Ырыскелди Дүйшеев коло медаль жеңди.

Ал беттештерди чейрек финалдан баштап, Палестиналык Сами Аккавени 3:0 эсебинде жеңген.

Бүгүн, 21-сентябрда жарым финалдык беттеште Тажикстандын өкүлү Бехруз Хуршедшоданы жеңген. Бирок беттеш аяктагандан кийин Тажикстан тарап апелляция берген.

Кайра түзүлгөн комиссиянын чечимине ылайык, жеңиш Тажикстандын спортсменине ыйгарылып, Кыргызстандын өкүлү үчүнчү орунду ээледи.