Кыргызстанга 0,4 кВ чыңалуудагы СИП-2 кабелдери жеткирилди
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасын жаңылоо боюнча масштабдуу программаны ишке ашырууну улантууда.
«Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» (МУРЭС) долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасына 0,4 кВ чыңалуудагы өзүн өзү көтөрүүчү изоляцияланган зымдар (СИП-2) жеткирилди.
Жеткирүү МУРЭС долбоорунун 1-компоненти – «Бөлүштүрүүчү электр тармактарын реконструкциялоо жана модернизациялоо» багытынын алкагында жүргүзүлүүдө. Өлкөгө кесилиши 3×70+1×70 мм² болгон СИП-2 үлгүсүндөгү зымдын 100 миң метри жеткирилди. Келишимдин жалпы баасы 40,5 миллион сомду түзөт.
Жеткирилген кабелдик продукция республиканын ар кайсы аймактарындагы 0,4 кВ чыңалуудагы бөлүштүрүүчү электр тармактарын реконструкциялоо үчүн пайдаланылат. Заманбап өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган зымдарды колдонуу бөлүштүрүүчү тармактардын ишенимдүүлүгүн кыйла жогорулатууга, электр энергиясынын технологиялык жоготууларын азайтууга, авариялык кырдаалдардын санын кыскартууга, ошондой эле керектөөчүлөрдү туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого өбөлгө түзөт.
Бөлүштүрүүчү электр тармактарын модернизациялоо энергетика тармагындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири болуп саналат. Инфраструктураны жаңылоо көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жакшыртууга, электр тармактарынын пайдалануу мөөнөтүн узартууга жана жаңы керектөөчүлөрдү тармакка кошуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө шарт түзөт.
МУРЭС долбоору Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.
Долбоордун негизги максаты – бөлүштүрүүчү электр инфраструктурасын комплекстүү жаңылоо, электр энергетикалык системанын туруктуулугун жогорулатуу жана калкты, ошондой эле экономиканын объектилерин ишенимдүү, сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу.
