Кыргызстан казакстандык алкоголсуз суусундуктардын эң ири сатып алуучусу болду
6 август

Кыргызстан казакстандык алкоголсуз суусундуктардын эң ири сатып алуучусу болду

Кыргызстан 2026-жылдын январь-май айларында казакстандык алкоголсуз суусундуктардын эң ири сатуу рыногу болду. Бул тууралуу Kazinform Казакстандын Улуттук статистика бюросуна шилтеме берип маалымдады.

Беш айдын ичинде Казакстан Кыргызстанга 39 млн долларлык 94,9 млн литр продукция экспорттогон.

Экспорттун негизги бөлүгүн кант, таттуулоочу заттар же даам берүүчү кошулмалар кошулган суулар, ошондой эле башка алкоголсуз суусундуктар түздү.

Жалпысынан Казакстан аталган продукциянын 172,8 млн литрин 75,5 млн долларга экспорттогон. Ошентип, Кыргызстандын үлүшүнө жеткирүүлөрдүн көлөмүнүн жарымынан көбү туура келген.

Экинчи ири рынок Өзбекстан болду. Ага 28,1 млн долларлык 48,3 млн литр суусундук жөнөтүлгөн.

Россияга экспорттун көлөмү 2,5 эсеге көбөйүп, 9,2 млн литрден 23,5 млн литрге жеткен. Арменияга жеткирүү дээрлик 10 эсеге, ал эми Азербайжан менен Грузияга экспорт 12 эсеге көбөйгөн.

2026-жылдын январь–май айларында Казакстанда 1,6 млрд литр минералдык суу жана алкоголсуз суусундуктар өндүрүлгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17% көп.

Ички рынокто сатылган продукциянын көлөмү 1,7 млрд литрди түзүп, 21%га өскөн.