Токмокто өгөй балдарын зым, күрөк менен уруп келген киши кармалды
Токмокто үй-бүлөлүк зомбулук фактысы менен кылмыш иши козголду.
Чүй облустук милициясынан кабарлашкандай, 33 жаштагы З.Р., аттуу жаран 3-августта милицияга арыз менен кайрылган.
Ал өз арызында жарандык жолдошу 1988-жылы туулган Ч.Ч. акыркы үч жыл аралыгында өзүнө жана жашы жете элек эки баласына карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүп келгендигин билдирген.
Бул факты Токмок ШИИБде катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Териштирүүнүн жүрүшүндө арыз ээсинин көрсөтмөсү алынып, анда жарандык жолдошу өзүнө жана балдарына электр зымы жана күрөк менен уруп, денесине залал келтиргендиги көрсөтүлгөн.
Окуя боюнча арыздануучу жана анын жашы жете элек эки баласына карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Токмок ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган Ч.Ч. кармалып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде Токмок ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда кылмыш ишинин алкагында бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Тергөө иштери уланууда.
