Кыргызстанда айыл чарба өсүмдүктөрүн оруп жыйноо иштери жүрүүдө
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
6 август

Кыргызстанда айыл чарба өсүмдүктөрүн оруп жыйноо иштери жүрүүдө

Кыргызстан боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүн оруп жыйноо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.

Алсак жалпы аянты 261,0 миң гектар жер оруп жыйналып:

Анын ичинен;

  • буудай 139,0 миң гектар;
  • арпа 121,0 миң гектар;
  • жүгөрү 770 гектар;
  • чанактуулар 200 гектар жыйналды.

Бүгүнкү күнгө карата облустар арасында Чүй облусу эң жогорку көрсөткүчтү көрсөтүүдө, пландын 50,8 пайызын (140,1миң га) оруп жыюуу иштери бүткөрүлдү. Ал эми, Ош облусунда 527,0 миң гектар жер оруп жыйналып (56,8%), Жалал-Абад облусунда план 52,9 пайызга, Талас облусунда 10,9 пайызга аткарылса, Ысык-Көл жана Нарын облустарында оруп жыйноо иштери уланууда.