Ысык-Көлдөгү "Радуга" эс алуу борборунда ири өрт чыкты
1 ноябрь

Ысык-Көлдөгү "Радуга" эс алуу борборунда ири өрт чыкты

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда алдын ала маалымат боюнча, Кош-Көл айылында жайгашкан “Радуга” эс алуучу жайында коттеджден өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Өрттү өчүрүүгө жалпы беш күжүрмөн эсеп тартылды. 

Мындан сырткары "Ысык-Көл" Эл аралык аэропортунан 1 күжүрмөн эсеп райондук ӨКБдан ыкчам топ тартылып, өрттү өчүрүү иши жүрүүдө.

Кошумча маалымат берилет.