Кыргызстанда унааны кайра каттоо онлайн жүргүзүлүп, документ үйгө жеткирилет
видеодон алынган кадр
29 октябрь

Кыргызстанда унааны кайра каттоо онлайн жүргүзүлүп, документ үйгө жеткирилет

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Каракол шаарындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун бөлүмүнө пландан тышкары барып, жарандарды тейлөө шарттары менен таанышты.

Иш башкармалыктан кабарлашкандай, иш сапардын жүрүшүндө кызмат алууга келген жарандар менен баарлашып, алардын пикирлерин укту.

Жарандар «Түндүк» тиркемеси аркылуу автоунааларды онлайн кайра каттоо мүмкүнчүлүгүн жогору баалашты. Учурда Караколдо автоунааларын кайра каттаткан жарандардын 90 пайыздан ашыгы бул кызматты онлайн пайдаланып, мамлекеттик номердик белгилерди жана каттоо күбөлүгүн алуу үчүн гана бөлүмгө келишүүдө.

Каныбек Туманбаев жыл аягына чейин мамлекеттик номердик белгилерди жана каттоо күбөлүктөрүн үйгө жеткирүү кызматын ишке киргизүү пландалып жатканын билдирди. Натыйжада автоунааны кайра каттоо толугу менен онлайн жүргүзүлөт.

Ошондой эле Иш башкаруучу айдоочулук күбөлүк алуу үчүн өткөрүлүп жаткан экзамендердин уюштурулушу жана жарандар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Мындан тышкары, бөлүмдүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эки кабаттуу имаратын көрүп чыкты. Учурда бөлүм күнүнө орточо 200гө жакын жаранды тейлейт.