Эмгек министри Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы соцкызматтардын ишин текшерди
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Иш сапарлардын максаты министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн изилдөө, социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана мамлекеттик колдоого муктаж жарандарга жардам көрсөтүүчү мекемелердин ишин баалоо болду.
Райондук башкармалыктардын жетекчилери менен жолугушууларда министр аткарылган иштер боюнча отчетторду угуп, жөлөкпулдарды дайындоо, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү, социалдык кызматтарды көрсөтүү жана социалдык коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу маселелерин талкуулады.
Жарандарды тейлөөнүн сапатына жана аймактардын тургундары мамлекеттик колдоо алуу учурунда туш болгон көйгөйлөргө өзгөчө көңүл бурулду.
Иш сапардын алкагында Алмаз Имангазиев Токтогул шаарындагы социалдык стационардык мекемеге барып, кызмат алуучулардын жашоо шарттары жана кызматкерлердин ишин уюштуруу менен таанышты.
Ошондой эле министр Тогуз-Торо районунда мамлекеттик социалдык заказдын алкагында иш алып барган реабилитациялык борборго барды.
Министрликтен белгилешкендей, мындай уюмдардын ишмердүүлүгүн изилдөө социалдык жана реабилитациялык кызматтардын натыйжалуулугун баалоого, ошондой эле мамлекеттин өкмөттүк эмес сектор менен мындан аркы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоого шарт түзөт.
«Социалдык коргоо системасынын натыйжалуулугу отчеттук көрсөткүчтөр менен гана эмес, мамлекеттик колдоо ага муктаж ар бир жаранга канчалык өз убагында жана сапаттуу жетип жатканы менен да аныкталат».
Алмаз Имангазиевдин иш сапарлары Талас жана Ысык-Көл облустарында уланат.
