Кыргызстанга Кытайдан күйүүчү-майлоочу материалдар темир жол аркылуу ташыла баштады – бензин дагы эле тартыш
Кыргызстанга Кытайдан күйүүчү-майлоочу материалдардын (КММ) алгачкы партиялары темир жол аркылуу келе баштады. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов билдирди.
Анын айтымында, буга чейин Кытайдан күйүүчү май автомобиль транспорту менен ташылып келсе, эми темир жол аркылуу жеткирүү да жолго коюлду.
Кыргызстан КММ импортун диверсификациялоону улантууда. Буга чейин күйүүчү майдын негизги бөлүгү Россиядан келсе, учурда мунайзаттар Азербайжандан, Түркмөнстандан, Беларустан жана Түркиядан да сатып алынууда.
Эшатов өлкөдө дизель майы боюнча абал туруктуу экенин белгиледи.
Ошол эле учурда бензин рыногунда бир аз тартыштык сакталууда. Керектүү көлөмдө бензин сатып алуу азырынча мүмкүн болбой жаткандыктан, рыноктун катышуучулары жаңы жеткирүүчүлөрдү жана импортту көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүн издөөнү улантууда.
Жеткирүүчү өлкөлөрдүн санын көбөйтүү ички рыноктун бир гана багытка көз карандылыгын азайтып, Кыргызстанды мунайзаттар менен камсыздоонун туруктуулугун жогорулатууга багытталган.
