ИИМде 2026-жылдын 9 айындагы ыкчам-кызматтык ишмердиктин жыйынтыгы чыгарылды
2026-жылдын 29-октябрында Ички иштер министрлигинде Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбековдун төрагалыгы алдында коллегиялык отурум өттү. Ага министрдин биринчи орун басары, орун басарлары, Ички аскерлердин кол башчысы жана ички иштер органдарынын башчылары катышты.
Күн тартибинде ички иштер органдарынын 2026-жылдын 9 айында аткарган ыкчам-кызматтык ишмердигинин жыйынтыгы, элдин арыз-даттанууларын жеринде чечүү жана калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары, миграция жаатындагы абал жана жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө масалелер каралды.
Коллегияда Ички иштер министри Улан Ниязбеков баяндама жасап, отчеттук мезгилдеги жетишкендиктерге токтолуу менен бирге, орун алган кемчиликтерди белгилеп, аларды жоюу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Министр ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүндө санариптештирүү багытындагы иштерди ырааттуу улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, заманбап технологияларды, анын ичинде видеокөзөмөл системаларын кеңири колдонуу коомдук коопсуздукту чыңдоого, укук бузуулардын алдын алууга жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга өбөлгө түзөт.
Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктун, жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу иштерин күчөтүү, интернет аркылуу жасалган алдамчылыкка жана заманбап санариптик коркунучтарга каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерине токтолду. Бул багыттарда алдын алуу чараларын натыйжалуу уюштуруу, тиешелүү кызматтардын ишин күчөтүү жана жарандар менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.
Коллегиянын жүрүшүндө баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжалуулугун жогорулатуу, баңгизаттарды таратуу каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле баңгизат кылмыштуулугунун алдын алууга багытталган иштерди өркүндөтүү маселелери каралды.
Жарандардын кайрылууларын жеринде кароо, көйгөйлөрдү өз убагында чечүү жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча аткарылган иштерида талкууланды. Мындан тышкары, миграция жаатындагы учурдагы абал жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу багытында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар каралды.
Өздүк курам арасында кызматтык тартипти чыңдоо жана мыйзамдуулукту сактоо, жол коопсуздугун камсыз кылуу маселелерине да өзгөчө көңүл бурулду.
Коллегиянын жыйынтыгында Ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын жетекчилерине ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун мындан ары жогорулатууга багытталган бир катар артыкчылыктуу милдеттерди койду.
