Мэрия: Бишкектин көмүр базаларында отун жетиштүү
Бишкек мэриясы
29 октябрь

Мэрия: Бишкектин көмүр базаларында отун жетиштүү

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында борбор калаанын ар бир районунда көмүр базалары иштеп жатат.

Мэриядан кабарлашкандай, тиешелүү кызматтар көмүрдүн жетиштүүлүгүнө жана баасына көзөмөл жүргүзүүдө.

Ленин районундагы көмүр базаларында 5 370 тонна көмүр бар.  Райондун тургундары «Кара-Кече» маркасындагы көмүрдү төмөнкү даректерден сатып ала алышат:

* Ак-Ордо-3 конушу, Жума көчөсү, 498;
* Ак-Ордо-3 конушу, Жаңы-Муун көчөсү, 49;
* Новопавловка конушу, Усупбаев көчөсү, 83/4;
* Мурман  көчөсү, № 67а жана № 126;
* Б. Алыкулов көчөсү, № 3;
* Сарыкулаков көчөсү, № 6д;
* Дэн Сяопин проспектиси, № 306а;
* Мурман  көчөсү, 45/2-контур;
* Селекция конушу, Таш-Рабат көчөсү, 4а.

«Мин-Куш» маркасындагы көмүрдү Мурман  көчөсү, № 122а дарегинде жайгашкан «Береке» көмүр базасынан, ошондой эле Дэн Сяопин проспектиси, № 308/4 дарегинен сатып алууга болот.

Ал эми «Шабыркуль» маркасындагы көмүр Б. Алыкулов көчөсү, № 1д/1 дарегиндеги көмүр базасында бар.

Көрсөтүлгөн маркадагы көмүрдүн бир тоннасынын баасы 7 000 сомду түзөт.

Свердлов районунун аймагында калкты көмүр менен камсыз кылган 9 көмүр базасы иштейт. Бүгүнкү күндө райондогу көмүр базаларында жалпы 5 550 тонна көмүр бар.

Көмүр базаларында «Кара-Кече» жана «Шабыркуль» маркаларындагы көмүр сатылууда. «Кара-Кече» маркасындагы көмүрдүн бир тоннасы 7 000 сом, ал эми «Шабыркуль» маркасындагы көмүрдүн бир тоннасы 7 800 сом турат.

Октябрь районунда кыш мезгилинде калкты көмүр менен камсыз кылуу үчүн 1 713 тонна көмүр камдалган.  Учурда райондогу бардык сатуу түйүндөрүндө көмүр бар.

Биринчи май районунда 557 тонна көмүр бар.

«Кара-Кече» маркасындагы көмүрдү төмөнкү даректерден сатып алууга болот:
* И. Айдарбеков көчөсү (мурдагы Жаш Гвардия көчөсү), 337, 390-контур;
* Түндүк айланма жол, 383-контур;
* Саадаев көчөсү, 8б;
* Пригородное айылы, Юбилейная көчөсү, 50;
* Озёрное айылы, Школьная көчөсү, 3;
* СУ дача тилкеси, «Трикотажник Б.Ш.».

«Мин-Куш» маркасындагы көмүрдү Озёрное айылы, Школьная көчөсү, 1д дарегинен сатып алууга болот.

«Шаргунь» маркасындагы көмүр Озёрное айылы, Школьная көчөсү, 1а/3 дарегинде сатылат.

Көмүрдүн баалары:
* «Кара-Кече» — тоннасына 7 000 сом;
* «Мин-Куш» — тоннасына 8 000 сом;
* «Шаргунь» — тоннасына 7 600 сом.

Көмүр базаларынын учурдагы даректери менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот: [https://www.bishkek.gov.kg/ru/post/34474](https://www.bishkek.gov.kg/ru/post/34474)

Урматтуу шаар тургундары!

Кышка алдын ала даярдануу убакытты жана каражатты үнөмдөөгө жардам берет. Ушуга байланыштуу борбор калаанын мэриясы суук түшүп, көмүргө болгон суроо-талап көбөйгөн мезгилде кезек күтүп, ашыкча түйшүккө кабылбаш үчүн көмүрдү алдын ала камдап алууну сунуштайт.