Сүрөт ачык булактардан алынды
29 октябрь
Манас шаарында поезд менен жүк ташуучу унаа сүзүштү
Манас шаарында поезд Porter үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен кагылышты. Окуя болгон жерден тартылган видео социалдык тармактарга тарады.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы автоунаа жолу менен темир жол кесилишкен тилкеде болгон. Жарыяланган видеодо локомотивди жана окуя болгон жерде иштеп жаткан жол кызматкерлерин көрүүгө болот.
Күбөлөрдүн айтымында, жакында эле ушул тилкеде ушундай эле кырсык катталган. Жергиликтүү тургундар айдоочуларды темир жолдон өтүүдө этият болуп, жол кыймылынын эрежелерин сактоого чакырышууда.
Кагылышуунун себептери азырынча белгисиз.
Жабыркагандар бар-жогу такталууда.
