Нурдан Орунтаев Бишкекте 23-28 кабаттуу объектилердин курулушу менен таанышты
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 28-октябрда Бишкек шаарында заманбап курулуш ыкмалары менен курулуп жаткан 23–28 кабаттуу турак жай комплекстерин кыдырып, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Министр объектилерди кыдыруу учурунда курулуштун сапатына, колдонулуп жаткан заманбап технологияларга, курулуш материалдарынын талаптарга шайкештигине жана коопсуздук эрежелеринин сакталышына өзгөчө көңүл бурду.
Ошондой эле министр эл аралык тажрыйбанын негизинде колдонулуп жаткан курулуш ыкмалары менен таанышты. Белгилей кетсек, акыркы жылдары Кыргызстанда курулуш тармагын өнүктүрүү жана сапатын жогорулатуу максатында мамлекеттик стандарттар менен катар Кытай жана башка өнүккөн өлкөлөрдүн курулуш тажрыйбалары да колдонулууда.
- Министр төмөнкү объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты:
- “Хан Теңири” көп функционалдуу турак жай комплекси — Токтоналиев көчөсү 163. 28 кабаттуу эки жана 40 кабаттуу бир блоктон турат. Куруучу компания —
- “Хан-Тенири Девелопмент” ЖЧКсы.
- “Тянь-Шань” турак жай комплекси — Токтоналиев көчөсү 165. 23–25 кабаттуу 8 блоктон турат. Долбоордо бала бакча да каралган. Куруучу компания — “Руби Строй” ЖЧКсы.
- “Нео Сити” көп функционалдуу комплекси — Апсамат Масалиев проспектиси 22. 26 кабаттуу 7 блоктон турат. Куруучу компания — “Монарх Стиль” ЖЧКсы.
- “Эвернью” турак жай комплекси — Малдыбаев көчөсү 259. 24 кабаттуу 7 блоктон турат. Куруучу компания — “Синхэн Строй” ЖЧКсы.
Иш сапардын алкагында Нурдан Орунтаев “Эвернью” турак жай комплексинин 24-кабатынын чатырын жабуу иш чарасына катышты.
Белгилей кетсек, чет өлкөлүк стандарттардын жана заманбап курулуш ыкмаларынын колдонулушу көп кабаттуу имараттардын сапатын, бекемдигин жана коопсуздугун камсыздоодо маанилүү роль ойнойт. Бул тажрыйба Кыргызстанда курулуш тармагын жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзөт.
