Жаратылыш ресурстары министрлиги
29 октябрь
«Тазалык» муниципалдык ишканасына 92 миң сом айып пул салынды
Бишкек шаарынын «Тазалык» муниципалдык ишканасынын автоунааларына пландуу текшерүү иш чарасы жүргүзүлдү.
Жаратылыш ресурстары министрлигинен кабарлашкандай, анын жыйынтыгында автоунаалардан чыккан түтүндүн көлөмү белгиленген ченемдерден ашып кеткендиги аныкталды.
Аталган мыйзам бузуулар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 4 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 92 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Ошондой эле Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан ишканага автоунааларда токтоосуз оңдоо иштерин жүргүзүү жана аларды техникалык кароодон өткөрүү боюнча эскертме берилди.
