Электр энергиясына эсептелген суммага макул эмессизби? Энергетиктер эсепти кантип талашса болорун түшүндүрүштү
Кыргызстанда электр энергиясына эсептелген төлөм туура эмес деп эсептеген абоненттер эсептөөнү текшерүүнү талап кылып, электр энергиясы менен камсыздоочу уюмга арыз менен кайрыла алышат. Бул тууралуу Бишкек электр тармактары ишканасынын өкүлдөрү «Күн маек» программасында электр энергиясына төлөм эсептөө боюнча суроолорго жооп берип жатып билдиришти.
Адистердин айтымында, өткөн жылытуу мезгилинде көптөгөн абоненттер эсеп-квитанцияларда көрсөтүлгөн суммаларга нааразы болушкан. Негизги суроолор электр энергиясын керектөөнү эсептөө тартибин жана жогорулатылган тарифтин колдонулушун түшүнбөгөндүктөн келип чыккан.
Энергетиктер эсептелген суммага шек жаралса, абонент жашаган жери боюнча тиешелүү энергосатуу бөлүмүнө кайрыла аларын түшүндүрүштү.
Бишкек шаарынын тургундары борбор калаадагы кызматка, ал эми аймактарда жашагандар жергиликтүү бөлүмдөргө кайрылышы керек.
Адистер талаштуу эсептөө боюнча маалымат алгандан кийин үч күндүн ичинде кайрылууну сунушташты. Ошондой эле 1209 колл-борборунун телефону аркылуу түшүндүрмө алууга болот.
Абонент төлөмдүн кандай тартипте эсептелгенин түшүндүрүп берүүнү сурап, электр эсептегичтин көрсөткүчтөрүн тактап, тарифтердин туура колдонулганын текшертүүгө укуктуу.
Эгер түшүндүрмө алгандан кийин да эсептелген суммага макул болбосо, кайрадан карап чыгуу үчүн энергосатуу уюмуна жазуу жүзүндө арыз бере алат.
Мында эсептик мезгилдин узактыгын текшерүү өзгөчө маанилүү. Анткени 700 кВт·сааттык керектөө чеги эсептегичтин көрсөткүчтөрү алынган күндөрдүн санына жараша кайра эсептелет.
Бул 1,64 сомдук тариф менен төлөнүүчү электр энергиясынын көлөмүнө жана 2,94 сомдук жогорулатылган тариф колдонулуучу киловатт-сааттардын санына таасир этиши мүмкүн.
