Кыргызстанда алдамчылар уурдаган акчаны 30 күнгө чейин бөгөттөөгө болот
Кыргызстанда интернет жана телефон аркылуу жасалган алдамчылык учурларында акча каражаттарын ыкчам бөгөттөөгө мүмкүндүк берген «Антифрод» системасы сыноо режиминде ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу 28-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүткөн Конкубаева билдирди.
Анын айтымында, эгер жаран интернет же телефон алдамчыларынын аракетинен улам акчасын жоготсо, бул тууралуу маалымат Кыргызстандын Улуттук банкына жөнөтүлөт.
Жабырлануучу акча которулган эсептердин реквизиттерин туура көрсөтсө, система ал эсептердеги каражаттарды автоматтык түрдө бөгөттөй алат. Бөгөттөө мөөнөтү 30 күнгө чейин созулушу мүмкүн.
Бул механизм уурдалган акчанын андан ары которулушун токтотууга жана жабырлануучуларга каражаттарын кайтарып алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Конкубаева «Антифрод» системасы учурда сыноо режиминде иштеп жатканын белгиледи.
