Тоң районунда 100 орундуу балдар бакчасы курулду
Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ысык-Көл айылында 100 орундуу заманбап бала бакча курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда. Объекттин наркы 85 миллион сомду түзөт.
Жаңы бала бакчанын жалпы аянты 1 404 чарчы метрди түзөт. Долбоорго ылайык, имарат эки кабаттан турат. Анда балдардын уктоочу жана оюн бөлмөлөрү, тарбиялык сабактарды өткөрүүчү бөлмөлөр, ашкана, дарыгердин бөлмөсү жана кабылдама каралган. Мындан тышкары, балдардын коопсуздугу эске алынып, сыртта ойноочу аянтча уюштурулат.
Объекттин курулушу 2024-жылдын декабрь айында башталган. Учурда курулуш иштери дээрлик аяктап, имараттын ичин тазалоо, эмеректерди орнотуу жана айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
