ОшТУнун үч студенти биринчи курстун эки студентин сабаган – алар кармалды
видеодон алынган кадр
29 октябрь

ОшТУнун үч студенти биринчи курстун эки студентин сабаган – алар кармалды

Ошто студенттерди сабоого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Милициянын билдирүүсүнө караганда, окуянын видеосу 28-октябрда интернет булактарында тараган. 

Ош ШИИБдин жетекчилиги тарабынан окуянын кайда болгондугун тактоо жана анын катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам тапшырма берилген.

Натыйжада, бул окуяга шектүү катары ОшТУга караштуу колледждин 1 курсунун үч студенти кармалып, Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн тергөө кызматына камсыз болушту.

Жогоруда белгилегендей, үчөө тең ОшТУга караштуу колледждин студенттери.

Тергөө кызматынын алгачкы маалыматына караганда, 2026-жылдын 27-октябрында окуяга шектүүлөр Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин 1-курсунун эки студентин аталган окуу жайдын спорт талаасына жакын жерде токмоктошкон.

Учурда окуя боюнча ар тараптуу иликтөөлөр башталды, жабырлануучулардын алган жараатын аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бул шектүүлөрдөн жабыр тарткандар болсо Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнө кайрылууну суранабыз.