Ашууларда кар жаап, жолдорго инерттик материалдар себилди 
Транспорт министрлиги
29 октябрь

Ашууларда кар жаап, жолдорго инерттик материалдар себилди 

2026-жылдын 29-октябрында таңга маал Бишкек – Ош автожолунун 125-139-чакырымдар аралыгында кар жаады.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жеринде жолго кум-туз аралашмасын себүү иштери ыкчам жүргүзүлдү.

Учурда кар токтоп, автожол ачык жана каттам үзгүлтүксүз камсыздалууда.

Ошондой эле Ош – Сары-Таш – Эркештам автожолунун Талдык жана Тонмурун ашууларында кар жаап жатат. Учурда № 960 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан жолго инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө. Аталган ашууларда жол ачык, унаалардын каттамы камсыздалган.

Транспорт министрлиги тоолуу аймактарда аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу жолдор тайгак болушу мүмкүндүгүн эскертет. Узак сапарга чыгар алдында унааңыздын техникалык абалын текшерип, жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөктөргө алмаштыруу сунушталат.