Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан т/ж курулушунда жыл аягына чейин иштердин 22%ын аткаруу пландалууда
Сүрөт ачык булактардан алынды
29 октябрь

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан т/ж курулушунда жыл аягына чейин иштердин 22%ын аткаруу пландалууда

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунда пландалган 29 тоннелдин биринчисин казуу иштери аяктады. 2026-жылдын аягына чейин жалпы курулуш иштеринин 22%ын аткаруу пландалууда. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол компаниясы» ААКтын башкы директорунун орун басары Улан Кулов билдирди.

Анын айтымында, август айында узундугу 209 метрди түзгөн «Кош-Дөбө-2» тоннелин казуу иштери аяктаган. Ал келечектеги темир жол каттамындагы эң кыска тоннелдердин бири болуп саналат.

Долбоордо жалпы узундугу 104 чакырымга жакын 29 тоннелди куруу каралган.

Улан Кулов белгилегендей, темир жолдун курулушу бекитилген графикке ылайык уланууда. Подряддык уюмдар иштерди белгиленген мөөнөттө аткарып жатышат.

Жыл аягына чейин жалпы курулуш иштеринин 22%ын бүтүрүү пландалууда. Ошол эле учурда компания 2026-жылга карата белгиленген жылдык планды 110%га аткарууну көздөп жатат.