Сүрөт ачык булактардан алынды
29 октябрь
Кыргызстанда жакынкы күндөрү «Ала-Тоо Resort» тоо кластеринин биринчи этабы ачылат
Кыргызстанда жакынкы күндөрү «Ала-Тоо Resort» тоо кластеринин биринчи этабын ачуу пландалууда. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Долбоор тоо лыжа спорту жана жыл бою эс алуу үчүн заманбап инфраструктураны түзүүнү карайт.
Жаңы туристтик комплекс кышкы туризмдин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, өлкөгө жергиликтүү жана чет элдик туристтерди көбүрөөк тартууга, ошондой эле туризм тармагын өнүктүрүүгө шарт түзөт деп күтүлүүдө.
Ведомствонун маалыматына ылайык, долбоорду ишке ашыруу эс алуунун жаңы багыттарын түзүүгө жана Кыргызстандын туристтик жагымдуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Биринчи этаптын ачылышынын так датасы азырынча айтыла элек.
