Кыргызстан менен Өзбекстан энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулады
Энергетика министрлиги
29 октябрь

Кыргызстан менен Өзбекстан энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулады

Кыргызстан менен Өзбекстандын энергетика министрлери Алтынбек Рысбеков жана Шерзод Ходжаев жолугушту. 

КР Энергетика министрлигинен кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 28-октябрда өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн энергетика тармагындагы кызматташтыгынын учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелердин, эки мамлекеттин башчылары — Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун жана Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёевдин саясий эркинин, өз ара ишениминин жана биргелешкен демилгелеринин аркасында ар түрдүү тармактарда, анын ичинде энергетика жаатында кызматташтык ырааттуу өнүгүп жатканы белгиленди. Бул аймактын энергетикалык коопсуздугун чыңдоого жана өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Жолугушууда электр энергиясын өз ара жеткирүү жана транзиттөө, Борбордук Азиянын бирдиктүү энергетикалык тутумунун туруктуу иштешин камсыз кылуу, ошондой эле күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү боюнча биргелешкен чараларды координациялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар энергетика тармагындагы практикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө, өз ара пайдалуу демилгелерди илгерилетүүгө жана эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөөгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.