Төө-Ашууда кар жаап жатат – айдоочуларга кышкы дөңгөлөк колдонуу эскертилди
видеодон алынган кадр
29 октябрь

Төө-Ашууда кар жаап жатат – айдоочуларга кышкы дөңгөлөк колдонуу эскертилди

Төө-Ашуу ашуусунда аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу кар жаап жатат. Айдоочуларды жолдо өзгөчө сак болууга жана унааларын кышкы шарттарга даярдоого чакырышты. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Ведомство айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин так сактоону, унаалардын ортосундагы коопсуз аралыкты кармоону жана жайкы дөңгөлөктөрдү кышкысына алмаштырууну сунуштайт.

Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери аймактын жолдорунда кызмат өтөөнү улантууда.