Кыргызстанда виртуалдык активдер рыногун көзөмөлдөө күчөтүлөт – кимдер текшерилет?
Кыргызстанда виртуалдык активдер рыногунун катышуучуларын текшерүү күчөтүлүп, санкциялык жана башка тобокелдиктерди баалоонун жаңы механизмдери киргизилет. Бул тууралуу президентке караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда арыз ээлерин текшерүү, лицензия берүү жана рыноктун катышуучуларына көзөмөл жүргүзүү үчүн бирдиктүү санариптик система түзүлүүдө.
Текшерүүгө компаниялар гана эмес, алардын жетекчилери жана акыркы бенефициардык ээлери да алынат.
Тактап айтканда, алардын маалыматтары санкциялык тизмелер менен салыштырылып, операцияларды талдоо үчүн блокчейн-аналитика куралдары колдонулат.
Агенттик мындай ыкма арыздарды кароо баскычында эле мүмкүн болгон тобокелдиктерди аныктоого жана чечим кабыл алууда аларды эске алууга мүмкүндүк берерин белгилейт.
Көзөмөлдү күчөтүү иштери 2026-жылдын сентябрь айында өткөн Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин үчүнчү жыйынында кабыл алынган чечимдерге байланыштуу жүргүзүлүүдө.
Жыйында мыйзамдарды өркүндөтүү, эл аралык стандарттарды киргизүү, рыноктун коопсуздугун жогорулатуу жана санкциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча милдеттер аныкталган.
Агенттиктин маалыматына караганда, бирдиктүү санариптик платформа мамлекеттик органдардын ортосунда маалымат алмашууну жеңилдетип, крипторынокту жөнгө салуу системасын жакшыртууга тийиш.
