Кыргызстанга Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов расмий сапар менен келди
Министрлер кабинети
29 октябрь

Кыргызстанга Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов расмий сапар менен келди

Кыргызстанга Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов расмий сапар менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.

“Манас” эл аралык аэропортунан аны министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, кызыл килем төшөлүп, ардак кароол тизилди. 

Расмий сапардын алкагында өкмөт башчыларынын сүйлөшүүлөрү жүргүзүлөт, мындан тышкары министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы аймактар аралык кызматташтык боюнча экинчи форумуна катышат жана кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин он төртүнчү жыйынын өткөрүшөт.