Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин Жалал-Абад облусунун тургунуна пенсия дайындалды
29 октябрь

Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин Жалал-Абад облусунун тургунуна пенсия дайындалды

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаеванын кийлигишүүсүнөн кийин  Жалал-Абад облусунун 66 жаштагы тургунуна пенсия дайындалды.

Акыйкатчыга пенсия болгон укугун калыбына келтирип берүүнү өтүнүп Н.М. аттуу жаран кайрылган. Анын айтымында, үч жылдан бери пенсияга чыгуу үчүн зарыл болгон документтерди чогулта албай келген. Ден соолугуна байланыштуу ал социалдык колдоого өтө муктаж.

Анын айтымында, аскердик билети жоголуп кеткендигине жана эмгек стажы жетишпегенине байланыштуу ага пенсия дайындоодон баш тартышкан.

Акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү жарандын кайрылуусунун негизинде Ноокен райондук Социалдык фонд башкармалыгына, райондук мамлекеттик администрацияга жана райондук аскер комиссариатына расмий каттарды жөнөткөн.

Маалым болгондой, Н.М.нын жалпы эмгек стажы 3 жыл 1 ай 17 күндү түзөрү аныкталган. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамынын 9-беренесине ылайык, пенсия дайындоо үчүн кеминде 6 жылдык камсыздандыруу стажы талап кылынат.

Ошондой эле райондук аскер комиссариатынын билдирүүсүндө жарандын аскердик кызматка кеткендиги тууралуу маалымат бар болгону менен, кызматтан бошотулганы жана кайтып келгени жөнүндө маалыматтар жок. Ушуга байланыштуу аскердик кызмат өтөгөн мезгили камсыздандыруу стажына кошулган эмес.

Мындан тышкары, арыз ээсинин атына жер үлүшү катталганы менен ал боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнбөгөнү аныкталган. Социалдык фонддун адистери жаранга тиешелүү төгүмдөрдү төлөө тартибин түшүндүрүшкөн.

Жаран карызын төлөнгөндөн кийин пенсия дайындоо маселеси мыйзамда белгиленген тартипте кайра каралган.  Ноокен райондук Социалдык фонд башкармалыгынын маалыматына ылайык, Н.М.га пенсия 2026-жылдын 8-октябрынан тартып эсептеле баштады.

Арыз ээси маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүп, укугун коргоого жардам бергени үчүн Акыйкатчыга ыраазычылык билдирди.

Акыйкатчы Институтуна 2025-жылы пенсиялык камсыздоо боюнча 6 кайрылуу келип түшсө, 2026-жылдын 9 айында 15 кайрылуу келип түшкөн.