Ошто көп кабаттуу үйлөр актап, сырдалууда
Ош шаарында муниципалдык кош каржылоо программасынын алкагында көп кабаттуу үйлөрдүн жана административдик имараттардын сыртын жаңылоо, актап, сырдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда Ы.Монуев көчөсүндөгү №54, 56 дарегиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн сырты жаңыланууда.
Бул жумуштар муниципалдык турак жай-коммуналдык ишканасы (МЖКУ) тарабынан жүргүзүлүүдө.
