Кутнаева: БУУнун электрондук өкмөтү боюнча маалыматтарды чогултуу менен жарыялоонун ортосундагы ажырым тактыкка таасирин тийгизет
12 декабрь

Кутнаева: БУУнун электрондук өкмөтү боюнча маалыматтарды чогултуу менен жарыялоонун ортосундагы ажырым тактыкка таасирин тийгизет

Кыргыз Республикасынын Санариптикөнүктүрүү министрлиги Электрондук өкмөтсистемасын активдүү өркүндөтүүнү жанамамлекеттик кызматтарды санариптештирүүдеңгээлин жогорулатууну улантууда. Ушул максатта санариптик өнүктүрүүминистри Нурия Кутнаева Эстонияга барып, Таллиндик санариптик саммитинин алкагындаБУУнун мамлекеттик башкаруу жана санариптикөкмөт департаменти менен биргеликте уюштурганэки күндүк семинарга катышты.

Семинар санариптик трансформация жаатындагы тажрыйба алмашууга жанамамлекеттик сектордо санариптештирүүнүн мыктытажрыйбаларын жайылтууга арналган. Катышуучулар БУУнун электрондук өкмөт боюнчаглобалдык изилдөөсүнүн негизги жыйынтыктарын, санариптик өнүгүү стратегияларын жанасанариптештирүү деңгээлин баалооинструменттерин жана методологияларынталкуулашты.

Нурия Кутнаева өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын санариптештирүү жаатындагы жетишкендиктери менен тааныштырды. Ал белгилегендей, өлкөдө жарандар үчүн мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган санариптик чечимдер активдүү киргизилүүдө. Бир катар демилгелерди ийгиликтүү ишке киргизүүгө, анын ичинде онлайн-кызматтарды көрсөтүүгө жана IT инфраструктурасын модернизациялоого өзгөчөкөңүл бурулду.

Министр ошондой эле эл аралык рейтингдерди түзүүдө санариптештирүүнүн актуалдуу абалынэске алуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал БУУнун Глобалдык изилдөөсү үчүн маалыматтар 2023-жылдын августунда чогултулганын жанажыйынтыктар 2024-жылдын октябрында жарыяланганын баса белгилеп, өлкөнүн прогрессин талдоонун объективдүүлүгүнө таасир эткен убакытажырымын түздү. Баалоо методологиясын түшүнүүнү жакшыртуужана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө үчүн Нурия Кутнаева кошумча биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги семинардын уюштурулушу үчүн БУУнун мамлекеттик башкаруу жана санариптик өкмөт департаментине ыраазычылык билдирет жана жарандардын жашоосун жакшыртууга жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган демилгелерди ишке ашырууда мындан аркы жемиштүү өз ара аракеттенүүгө үмүттөнөт.