Оштун мэри кичинекей кыздын каалоосун ишке ашырды
21 октябрь

Оштун мэри кичинекей кыздын каалоосун ишке ашырды

Оштун мэри кичинекей кыздын каалоосун ишке ашырды. 

Мэриядан кабарлашкандай, Ош шаарынын кичинекей тургуну мэр Жеңишбек Токторбаевге бир иш-чарада жолугуп, Анар кичи районундагы №10 көп кабаттуу үйдүн алдындагы жолду асфальттап берүүнү сураган.

Мэр жеринде бул маселе боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берген эле.

"Мектеп окуучусунун кайрылуусунун негизинде, мэрдин тапшырмасына ылайык, аталган кичи райондогу №9 жана №10 көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы жолдорго асфальт төшөө иштери башталды. Ошондой эле ирригациялык лотоктор да курулууда", – деп айтылат маалыматта.