Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Исламабад шаарына келди
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапар менен Пакистан Ислам Республикасынын Исламабад шаарына келди.
Минкаб башчысы иш сапардын биринчи күнүндө Пакистан Эл Республикасынын премьер-министри Шехбаз Шариф менен, ошондой Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин премьери Ли Цян менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Ал эми эртең, 16-октябрда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 23-жыйынына катышат.