Бишкек ШИИББнын кызматкерлери тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү уурулук боюнча шектүү кармалды
18 апрель

Бишкек ШИИББнын кызматкерлери тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү уурулук боюнча шектүү кармалды

2024-жылдын 30-декабрь күнү Бишкек шаарынын Ленин районунун ички иштер башкармалыгына 1995-жылы туулган Р.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда, Чынгыз Айтматов дарегинде жайгашкан үйүнө белгисиз адамдар жашыруун кирип, акча каражаттарын жана алтын буюмдарын уурдап кетишкенин билдирген. Натыйжада келтирилген чыгымдын суммасы 1 миллион 454 000 сомду түзгөн.

Аталган факты боюнча Ленин райондук ИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн, тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында, борбордук милициянын ыкчам кызматкерлери тарабынан мурда ушундай эле кылмыш фактысы үчүн соттолгон 1992-жылы туулган Дж. Н., аттуу шектүү кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.