Кыргызстанда сасык тумоо жана КРВИ боюнча эпидемиологиялык кырдаал туруктуу.
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти республика боюнча сасык тумоо жана КРВИ менен ооругандардын абалына жумалык мониторинг жүргүзүп жатат.
Учурда өлкө боюнча эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. 2025-жылдын 42-жумасында (12–19-октябрь) республика боюнча КРВИнин 5887 учуру катталган (интенсивдүүлүк көрсөткүчү – 81,5), бул көрсөткүч өткөн жуманын деңгээлинде калды. Ооругандардын 64,1 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт (3777 учур).
Азыркы учурда КРВИ жана сасык тумоо боюнча дозордук эпидемиологиялык көзөмөл уланууда. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары көрсөткөндөй, республиканын аймагында жыл сайын кездешип келген вирустар – аденовирус, респиратордук синцитиалдык вирус, метапневмовирус, парагрипп жана риновирус айланууда.
Эпидемиологиялык сезон башталгандан бери, башкача айтканда, 2025-жылдын 40-жумасынан (29-сентябрь – 5-октябрь) тартып бүгүнкү күнгө чейин сасык тумоонун вирусу аныкталган жок.
Учурда айланып жүргөн вирустардын арасында негизинен риновирус (36,9%), андан кийин аденовирус (26,3%), парагрипп I–IV типтери (21,1%) жана башка вирустар (15,7%) басымдуулук кылууда.
